Путин : «Батыш Украинага курал - жарак берген сайын Россия өзүнүн потенциалын толук колдонот»

Кремлдин  басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путиндин Сталинград согушундагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш - чарада Батыштын Украинага курал - жарак берүүсүнө каршы берген билдирүүсү тууралуу маалымат берди.

1941612
Путин : «Батыш Украинага курал - жарак берген сайын Россия өзүнүн потенциалын толук колдонот»

Кремлдин  басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россиянын президенти Владимир Путиндин : «Батыш Украинага курал - жарак берген сайын Россия өзүнүн потенциалын толук колдонот»,- дегенин  айтты.

Песков билдирүүсүндө, Путиндин Сталинград согушундагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш - чарада Батыштын Украинага курал - жарак берүүсүнө каршы берген билдирүүсү тууралуу маалымат берди.

Катчы Песков : «Бул билдирүү Россиянын потенциалы бар экендигин билдирет жана батыш тарабынан берилген жаңы куралдар ортого чыккан сайын Россия атайын аскердик операциянын алкагында каршылык көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонот»,- деди.

Путин Сталинград согушундагы жеңиштин 80 жылдыгынан улам Волгогард шаарындагы программада сөз сүйлөп, өткөн күндө болгондой Россиянын тулкусунда крест орун алган немис Леопард танктары менен коркутулуп жаткандыгын айтып : «Германия жана башка Европа өлкөлөрүн Россия менен жаңы бир согушка тарткандар жана жоопкерчиликсиздик менен Россияга каршы согушта жеңишке жетишилгендигин күтүп жаткандар Россия менен заманбап согуштун алар үчүн таптакыр башкача болорун түшүнүшпөй жатышат. Брондолгон машиналарды колдонуу менен эле иш бүтпөйт. Муну баары түшүнүшү керек”,- деди.

 



Тектеш кабарлар