Орусия Израилди эскертти

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1940957
Орусия Израилди эскертти

Орусия Израилди Украинага курал-жарак берүүнүн кризистин "күчөшүнө" алып келе турганы боюнча эскертти.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн маалымат жыйынында, Украинага курал-жарак жөнөтүү темасында өлкөлөрдү аймактык принципке жараша бөлбөгөндөрүн айтты.

"(Украинага) курал жөнөткөн бардык өлкөлөр, бул куралдарды Орусиянын Куралдуу күчтөрү үчүн мыйзамдуу бута катары карай турганыбызды түшүнүшү керек. Биздин позициябыз баарына белгилүү. Кошумча же жаңы курал-жарактарды жөнөтүүгө карата кандайдыр бир аракеттин согуштун күчөшүнө алып келерин моюнга алуу керек. Муну баары билет болуш керек»,-деп айтты.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху америкалык CNN телеканалына берген маегинде алар "Украинага аскердик жардам берүүнү карап жатышканын" жана "Ирандын курал өндүрүүсүнө каршы чара көрө тургандарын" билдирген болчу.



Тектеш кабарлар