Байдендин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү

АКШда Федералдык териштирүү бюросу ФБР президент Жо Байдендин Делавэр штатындагы турак жайында жүргүзгөн тинтүүдө «жашыруун документтин» табылбагандыгы билдирилди.

1941055
Байдендин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү

АКШда Федералдык териштирүү бюросу ФБР президент Жо Байдендин Делавэр штатындагы турак жайында жүргүзгөн тинтүүдө «жашыруун документтин» табылбагандыгы билдирилди.

Жо Байдендин адвокаты Боб Бауэр жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө тинтүүнүн саат 08:30дан түшкө чейин созулганын, тинтүүнүн натыйжасында үйдөн «жашыруун» деген жазуусу бар документтин табылбагандыгын белгиледи.

Бауэр бир тараптан Адилеттик министрлигинин тинтүүлөрүнүн натыйжасында Байдендин вице  - президенттик мезгилинен калган жана кол жазмасы менен жазган кээ бир жазуулардын кенен түрдө иликтенгендигин билдирди.

Жо Байдендин кеңешчилеринин бири Ричард Заубер 9 – январда берген билдирүүсүндө  2 -  ноябрда  Байдендин Пенн Байден борборундагы жеке кеңсесинде вице  - президенттик кызматын аткарган мезгилден калган «жашыруун маалыматтарды камтыган аз сандагы документтин» табылгандыгын айткан.

22 - январда президенттин Делавэрдеги резиденциясынын гаражынан “жашыруун документтердин” жаңы топтому табылганыдыгы ортого чыккан.  

Байден  кеңсесинен жашыруун документтердин чыгып жатканын укканда "таң калганын" айтып, документтердин мазмуну тууралуу эч кандай маалыматынын жок экендигин айткан.

Адилеттик министрлиги бул документтерге байланыштуу иликтөө жүргүзүү үчүн атайын ыйгарым укуктуу прокурорду дайындаган.



Тектеш кабарлар