Идлибде айрым лагерлерди суу басты

Сириянын түндүк батышындагы Идлиб облусунда мажбурлоо менен жерлеринен көчүрүлгөн жарандар баш калкалаган айрым лагерлерди катуу жааган жамгырдан улам суу каптады.

1940815
Идлибде айрым лагерлерди суу басты

 Сириянын түндүк батышындагы Идлиб облусунда мажбурлоо менен жерлеринен көчүрүлгөн жарандар баш калкалаган айрым лагерлерди катуу жааган жамгырдан улам суу каптады.

Идлибде Башар Асад режими жана колдоочуларынын кол салууларынан качып баш калкалаган чатырларын жамгырдынайынан суу каптаган жарандар жашоо үчүн күрөшүүдө.

Идлибде маалымат изилдөөлөрүн жүргүзгөн Сириянын чукул кырдаалдарга кийлигишүү координаторунун директору Мухаммед Халлаж 63 лагердин суу астында калганын жана миңдеген жаран жашаган чатырлардын суу астында калганын белгилегендерин айтты.

Селдин кесепетинен чатырлардагы буюмдардын жараксыз абалга келгенин белгилеген Халлаж : «Идлибде гуманитардык жардам иштерин  жүргүзгөн уюмдар мажбурлоо менен жер которгон жарандарга карата иштерин күчөтүшү керек»,-деди.

Халлаж алгачкы изилдөөлөрүндө миңдеген үй-бүлөнүн Несим ел  -Шам, Муслим Кайыр, Тимейми жана Кефердерян сыяктуу лагерлерде курман болгонун аныкташкандарын айтты.

Гуманитардык кризистин күн өткөн сайын күчөгөнүнө көңүл бурган Халлаж келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана жабырланууну жок кылуу үчүн тез чечим табылышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар