Францияда үй-жайсыздардын саны көбөйдү

"Аббе Пьер Фонду" 2022-жылдагы турак жай көйгөйлөрү боюнча жылдык отчетун жарыялады.

1940655
Францияда үй-жайсыздардын саны көбөйдү

Францияда үй ижара акысынын жогорулашынан улам турак-жай көйгөйүн башынан өткөргөндөрдүн саны 4 миллиондон ашты, үй-жайсыздардын саны болсо 330 миңге жетти.

Францияда жайгашкан "Аббе Пьер Фонду" кайрымдуулук уюму өлкөдө 2022-жылдагы турак жай көйгөйлөрү боюнча жылдык отчетун жарыялады.

Маалыматка ылайык, Францияда үйсүздөрдүн саны 330 миңге жетти жана бул көрсөткүч 10 жылда 130 пайызга өстү.

Алардын 200 миңи мейманкаларда, 110 миңи убактылуу баш калкалоочу жайларда, 27 миңи көчөдө, метродо, чатырларда же унааларда уктоого аргасыз.

Францияда батир акысын төлөй албай калгандардын саны болсо 12 миллиондон ашты.

2022-жылы өлкөдө акыркы 30 жылдын ичинде бардык тармактарда, өзгөчө энергетикада баалардын болуп көрбөгөндөй өсүшү байкалды.

Президент Эммануэль Макрон өлкөнү экинчи мөөнөткө башкарганы менен ал өкмөттүн жол картасында турак-жай маселесин өлкөнүн башкы приоритетине койбогону үчүн сынга алынууда.

Фонддун өткөн жылдагы отчетунда да Францияда үйсүздөрдүн жана катаал турак жай шарттарына дуушар болгондордун санынын көбөйгөндүгү, Макрондун тушундагы саясаттардын жетишсиз экени айтылган.



Тектеш кабарлар