Францияда пенсия реформасына каршы нааразылык

Француздар көптөгөн шаарларда көчөлөргө чыгышты.

1940356
Францияда пенсия реформасына каршы нааразылык

Францияда 1 миллион 200 миңден ашык адам пенсия реформасына каршы иш таштоолорго жана демонстрацияларга катышты.

Профсоюздардын чакырыгы менен көптөгөн шаарларда өзгөчө энергетика, транспорт, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактары катышкан демонстрациялардан улам француздар көчөлөргө чыгышты.

Өлкөнүн басма сөзүндөгү кабарларга караганда, коомчулук 300дөн ашык жерде, анын ичинде Марсель, Тулуза, Нант жана Ренн сыяктуу шаарларда пенсия курагын 62ден 64кө чейин жогорулатууга багытталган өкмөттүн реформасына нааразылык билдиришти.

Борбор калаа Парижде полиция демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ менен бөгөт болду. 30 адам камакка алынды.

Премьер-министр Элизабет Борне пенсия жашы 62 болгон өлкөдө бул чектин 1-сентябрдан баштап жыл сайын акырындык менен 3 айга көбөйтүлүп 2030-жылы 64кө чейин көтөрүлөрүн белгиледи.

Ар кайсы профсоюздар 7-11-февралда да элди көчөгө чыгууга чакырышты.

19-январдагы реформага каршы жалпы улуттук демонстрацияга 1 миллиондон ашык адам катышкан.



Тектеш кабарлар