Бельгиянын RTBF каналы Эрдоганды мактады

RTBF агенттигинин маалыматына караганда, быйыл эл аралык күн тартибиндеги эң маанилүү темалардын бири Түркиядагы президенттик шайлоо.

1940608
Бельгиянын RTBF каналы Эрдоганды мактады

Бельгиянын мамлекеттик каналы RTBF президент Режеп Таййип Эрдоганды башка европалык лидерлер кыла албаганды ишке ашырган жана конкреттүү жыйынтыктарга жетише алган маанилүү лидер деп мүнөздөдү.

RTBF агенттигинин маалыматына караганда, быйыл эл аралык күн тартибиндеги эң маанилүү темалардын бири да Түркиядагы президенттик шайлоо.

RTBF сайтындагы кабарда, 14-майда өткөрүлүшү пландалган шайлоонун Европага таасири талкууланды.

Кабарда, Европанын берки лидерлери кыла албаганды ишке ашырган жана конкреттүү жыйынтыктарга жетише алган маанилүү лидер катары аныкталган президент Эрдогандын өзгөчө эл аралык деңгээлде тең салмактуулукту камсыз кылуучу маанилүү кадамдарды таштаганы белгиленди.

Кабарда көз караштарына орун берилген Брюссел университетинин социология факультетинин профессору Фирузе Нахаванди, берки европалык лидерлерден айырмаланып Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жакшы мамиледе боло аларын маалымдады.

Нахавандинин айтымында, Эрдоган тең салмактуу саясаты менен так жыйынтыктарга жете ала турган маанилүү лидер.

RTBF шайлоонун ыктымалдуу экономикалык жыйынтыгына да баа берди.

Түркияда көптөгөн европалык фирмалардын иш алып баргандыгы жана түрк калкынын да Европага инвестициясы бар экени эске салынды.

Эрдогандын болушу шайлоодон кийин эки тарапка тең чоң экономикалык пайда алып келет деп сереп салынды.



Тектеш кабарлар