Колумбияда куралдуу кол салуу болду
Кол салуучулардын аймакка мотоцикл менен баргандары маалымдалды.
1940156
Колумбиядагы куралдуу кол салууда 4 киши каза болуп, 6 киши жараланды.
Өлкө басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Барранкилья шаарынын Эль Сантуарио микрорайонунда бир кафеде матч көрүп жаткан адамдарга куралдуу кол салуу болду.
Кол салууда 4 киши окуя болгон жерде көз жумуп, 6 киши жараланды.
Кол салуучулардын аймакка мотоцикл менен баргандары маалымдалды.
Акыйкатчы институту тараткан билдирүүдө, аймакта уюшкан кылмыштуу топтордун жана мыйзамсыз соода-сатык иштеринин натыйжасында коомчулукта олуттуу коопсуздук көйгөйлөрү бар экени айтылды.