Нью-Йоркто мусулмандар Швецияда Курандын өрттөлүшүнө каршылык көрсөтүштү

Швециянын Манхэттендеги өкүлчүлүгүн көздөй басышкан арасында түрк жарандары да болгон америкалык мусулмандар Швециянын башкы консулдугунун имаратынын алдына кара гүлчамбар калтырышты.

1939433
Нью-Йоркто мусулмандар Швецияда Курандын өрттөлүшүнө каршылык көрсөтүштү
new york kuran-i kerim yakilmasi protestosu.jpg
new york kuran-i kerim yakilmasi protestosu1.jpg

АКШнын Нью-Йорк шаарында (АКШ) мусулмандар, ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудандын Түркиянын Швециядагы элчилигинин алдында Куранды өрттөшүнө каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Швециянын Манхэттендеги өкүлчүлүгүн көздөй басышкан арасында түрк жарандары да болгон америкалык мусулмандар Швециянын башкы консулдугунун имаратынын алдына кара гүлчамбар калтырышты.

Өкүлчүлүктүн алдында намаз окуп, такбир айткан адамдар: «Биз бардык ыйык китептерди сыйлайбыз», «Жарандык укуктар дайыма маданияттуу боло бербейт», «Жек көрүү жек көрүүчүлүктү пайда кылат», «Куранды же Инжилди өрттөбө, аларды оку" деп жазылган баннерлерди көтөрүштү.

Түрк жарандарынын атынан англис тилинде билдирүү жасаган Түрк-америка башкаруу комитетинин (TASC) теңтөрагасы Мелих Бекташ: «Сөз эркиндигин туура эмес чечмелөөнүн астына жашынып жеңил жолду тандаган, дүйнөнүн кайсы жерине барбаңыз наадан, фанат деп аталган мындай адамдарды көрөсүз»,- деп айтты.

Бекташ дүйнөнүн басымдуу бөлүгүнүн жакшы адамдардан турганын жана алар боорукердик менен дүйнөнү жашоого ылайыктуу кылганын билдирди.  

Берки мусулман өлкө жарандары да Куранга болгон урматсыздыкка өз реакцияларын билдиришсе, түрк жарандары Швеция өкмөтүнүн «Исламдын ыйык китебине кол салууга унчукпай жана орунсуз шылтоолорду айтып жатканына» каршы чыгышты.



Тектеш кабарлар