Нидерландияда кыш мезгили жыл сайын орто эсеп менен бир күнгө кыскарууда

Метеорология институтунун (KNMI) билдирүүсүндө, өлкөдө 1960 - 1990 жана 1990 -2020 - жылдар аралыгындагы температуранын өзгөрүшү жана кыш мезгилиндеги суук күндөрдүн санынын азайышы боюнча маалымат берилди.

1938963
Нидерландияда кыш мезгили жыл сайын орто эсеп менен бир күнгө кыскарууда

Глобалдык жылуулуктан улам Нидерландияда кыш мезгили жыл сайын орто эсеп менен бир күнгө кыскарууда.

Метеорология институтунун (KNMI) билдирүүсүндө, өлкөдө 1960 - 1990 жана 1990 -2020 - жылдар аралыгындагы температуранын өзгөрүшү жана кыш мезгилиндеги суук күндөрдүн санынын азайышы боюнча маалымат берилди.

Билдирүүдө 1960 - 1990 жана 1990 - 2020 - жылдар аралыгында орточо температуранын жылына 1,1 градуска жогорулагандыгы белгиленди.

Билдирүүдө орточо температуранын жогорулашы жылдын ар бир айында байкалып, кыштын суук күндөрүнүн азайганы айтылды.

Билдирүүдө абанын 4 градустан төмөн болгон күн саны 1960 - 1990 - жылдары орточо 91 экендиги билдирилип, мунун 1990 - 2020 - жылдары 63 болгондугу билдирилди. 

Ошондой эле 30 жылдык мезгилде кыш мезгилинин 28 күнгө кыскарышы менен климаттык алмашууга байланыштуу кыш мезгилинин жыл сайын бир күнгө кыскарганы баса белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар