Иран жана Азербайжандын Тышкы иштер министрлери элчиликке жасалган кол салуу тууралуу сүйлөшүштү

Ирандын Тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян азербайжандык кесиптешине көңүл айтты.

1938947
Иран жана Азербайжандын Тышкы иштер министрлери элчиликке жасалган кол салуу тууралуу сүйлөшүштү

Ирандын Тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян Азербайжандын Тегеран элчилигине жасалган куралдуу кол салуунун эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катраштарга  таасирин тийгизбеши керектигин  айтып, кол салуунун өлчөмдөрүнүн ирандык жана азербайжандык коопсуздук жетекчилеринин кызматташуусу менен иликтенишин сунуш кылды.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда Абдуллахиян менен Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов телефон аркылуу Азербайжандын Тегеран элчилигине карата кол салуу тууралуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө бир элчилик кызматкери каза болгон, эки кзматкер да жараланган кол салууну айыптаган Абдуллахиян кол салууда каза болгон кишинин үй  -  бүлөсүнө жана азербайжандык кесиптешине көңүл айтты.

Окуянын «эки өлкөнүн душмандары тарабынан кыянаттыкка колдонулушу мүмкүн экендигин» белгилеген Абдуллахиян кол салуунун Иран менен Азербайжандын ортосундагы карым  - катнаштарга тескери таасир тийгизишине уруксат берилбеши керектигин айтты.

Абдуллахиян кол салуунун көлөмү ачыкка чыгарылышы үчүн эки өлкөнүн коопсуздук мекемелеринин жакын кызматташуусунда бул тууралуу териштирүүнү сунуш кылды.

Азербайжандын Тышкы иштер министри Байрамов ирандык кесиптешинин окуянын өлчөмү такталышы үчүн эки өлкөнүн коопсуздук жана сот мекемелеринин ортосунда кызматташуу жана координация сунушун оң кабыл алды.

Кечээ эртең менен Азербайжандын Тегеран элчилигине жасалган куралдуу кол салууда элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы каза болуп, эки коопсуздук кызматкери жарадар болгондугу кабарланган.

Тегеран полициясынын башчысы Хусейн Рахими кол салуучунун окуядан кийин кармалгандыгын, алгачкы иликтөөлөргө караганда кол салуунун «жеке жана үй  -  бүлөлүк маселелерден улам» жасалгандыгын билдирген.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги да кол салууну айыптап, Тегеран элчилигинин эвакуацияланарын жарыялаган.



Тектеш кабарлар