Мексикада жүк ташуучу унаадан жашы жете элек балдар табылды

Алардын көбү эркек балдар.

1938670
Мексикада жүк ташуучу унаадан жашы жете элек балдар табылды

Гватемаладан Мексикага кирген жүк ташуучу унаадан коштоосуз 50дөн ашык жашы жете элек бала табылды.

Мексиканын Улуттук Миграция Институтунун (INM) билдирүүсүндө, коопсуздук кызматкерлери гватемалалык көбү коштоосуз балдардан турган 70ке жакын мигрантты ташыган жүк ташуучу унааны токтоткону кабарланды.

INM билдиргендей, кызматкерлер жүк ташуучу унааны Мексиканын АКШ чек арасындагы Чиуауа аймагынын түндүгүндөгү өткөрмө пунктунан көрүшкөн.

Мигранттардын арасында көбү эркек коштоосуз 57 бала бар.  Жүк ташуучу унаанын айдоочусу Мексиканын Башкы прокуратурасына жөнөтүлүп, коштоосуз жашы жете элек балдар мамлекеттик бийлик органдарына өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар