Ак үйдө Ай жаңы жылдык майрамы өткөрүлдү

Жо Байден бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Ак үйдө биринчи жолу Ай жаңы жылдык иш - чарасын өткөрүп жатканын белгилеп, Азия - Тынч океан коомчулугун тосуп алуудан сыймыктангандыгын айтты.

1938656
Ак үйдө Ай жаңы жылдык майрамы өткөрүлдү

АКШнын президенти Жо Байден Ай жаңы жылы майрамынын алкагында  борбор шаар Вашингтондо Ак үйдө уюштурулган кабыл алууда Азия-Тынч океан тектүү америкалыктарды тосуп алды.

Жо Байден бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Ак үйдө биринчи жолу Ай жаңы жылдык иш - чарасын өткөрүп жатканын белгилеп, Азия - Тынч океан коомчулугун тосуп алуудан сыймыктангандыгын айтты.

АКШда Азия - Тынч океан тектүү адамдардын жашоо деңгээлинде олуттуу жылыш болгонун белгилеген Байден бир тараптан азиялыктардын жек көрүү кылмыштары менен беттешүүсү уланып жаткандыгына   көңүлдөрдү бурду.

Байден ошондой эле Лос - Анжелестеги Ай жаңы жылын майрамдоо учуурнда куралдуу кол салууда каза болгондорду да эскерип, куралдануу мыйзамдарын чектей тургандарын белгиледи.

22 - январда Лос - Анжелесте миңдеген адамдар катышкан Ай жаңы жылы майрамы учурунда болгон куралдуу кол салууда 10 киши каза болуп, кол салган адамдын жансыз денеси табылган.



Тектеш кабарлар