Руанда Конго Демократиялык Республикасынын аскердик учагын атып түшүрдү
Руанда тарабынан ачылган октун натыйжасында ок тийген учак Конго Демократиялык Республикасынын Гома шаарына аргасыз конду.
Руанда армиясы аба мейкиндигин 3 жолу бузган Конго Демократиялык Республикасынын (КДР) аскердик кчагын атып түшүрдү.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.03тө Конго Демократиялык Республикасынын «Сухой-25» үлгүсүндөгү аскердик учагы Руанданын аба мейкиндигин 3 жолу бузган.
Руанда тарабынан ачылган октун натыйжасында ок тийген учак Конго Демократиялык Республикасынын Гома шаарына аргасыз конду.
Учактагы өрттү аэропорттун өрт өчүрүү кызматы өчүрдү.
Руанда 19 - январда Конго Демократиялык Республикасын чет элдик жалданма аскерлерди чогултуп, согушка даярдануу менен айыптаган.
Конго Демократиялык Республикасы болсо Руанданы өлкөнүн чыгышында кол салууларды уюштурган 23-март кыймылын (M23) колдогону менен айыптоодо.