Японияда жүк ташуучу кеме чөктү

Япониянын Жээк коопсуздук кызматы аймактагы куткаруу иштерин улантууда.

1937593
Японияда жүк ташуучу кеме чөктү

 Япониянын Нагасаки провинциясына жакын жерде  22 экипаждуу  жүк ташуучу кеме чөктү.

Расмий Киодо агенттигинин маалыматына караганда, Гонконг желеги илинген 6551 тонналык "Цзинтан" жүк ташуучу кемеси Нагасаки жакындарында чөктү.

Данжо аралдарынын 110 километр батышында чөккөн  кемедеги 22 экипаждан 4 кишинин куткарылганы маалымдалды.

Экипаждан 14 кишинин Кытай, сегизинин Мьянма жараны экендиги билдирилди.

Япониянын Жээк коопсуздук кызматы аймактагы куткаруу иштерин улантууда.

 



Тектеш кабарлар