БУУ жана Швециянын бейөкмөт уюму: «Швеция жек көрүү кылмышы менен күрөшүүдө жетишсиз»

Баш кеңсеси Стокгольмдо жайгашкан «Адам укуктарын коргоочулар» деп аталган топтун баяндамасында жек көрүүчүлүк кылмыштарына байланыштуу Швеция мыйзамдарындагы кемчиликтерге көңүл бурулду.

1937819
БУУ жана Швециянын бейөкмөт уюму:  «Швеция жек көрүү кылмышы менен күрөшүүдө жетишсиз»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы  жана Швецияда жайгашкан «Адам укуктарын уоргоочулар» бейөкмөт уюму жек көрүүчүлүк кылмыштары менен күрөшүүдө швед мыйзамдарынын жетишсиздигин өздөрү жарыялаган ар кандай отчетторунда белгилешти.

Даниялык ашынган улутчул саясатчы Расмус Палудан 21-январда Швециянын борбор шаары Стокгольмдогу Түркия элчилигинин жанында Куранды өрттөгөндөн кийин өлкөдө жек көрүүчүлүк кылмыштары жана мыйзамдар камсыздаган коргоо кайрадан күн тартибине чыкты.

Баш кеңсеси Стокгольмдо жайгашкан «Адам укуктарын коргоочулар» деп аталган топтун баяндамасында жек көрүүчүлүк кылмыштарына байланыштуу Швеция мыйзамдарындагы кемчиликтерге көңүл бурулуп: «Укук коргоочулар бүгүнкү күндөгү жек көрүү кылмыштары боюнча мыйзамдар керектүү коргоону камсыздай албайт деп эсептешет», деп айтылган.

Өлкөдө жек көрүү кылмыштары көбөйүп жатканы менен мусулмандардын дагы көп бутага алынганына көңүл бурулган отчетто, «Бирок сот жообуна тартылып же аягында жаза берилген учурлар өтө аз»,деген сын айтылды.

Башка жагынан алып караганда, 31-октябрдан 4-ноябрга чейин Швецияга барып, жер-жерлерде изилдөө жүргүзгөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын эксперттер тобунун пикирлерине таянган отчетто, «Швеция, системалуу расизм менен күрөшүүдө мындан аркы кадамдарды жасап, полиция менен азчылык топторунун ортосундагы ишенимди кайра орнотуу стратегияларына көңүл бурушу керек»,деген маалыматка орун берген.



Тектеш кабарлар