Британияда тез жардам кызматкерлери иш ташташты

Өлкөдө Улуттук саламаттыкты сактоо кызматындагы (NHS) эң чоң иш таштоонун медайымдардын да катышуусу менен 6-февралда өткөрүлүшү пландалууда.

1936439
Британияда тез жардам кызматкерлери иш ташташты

Британияда үч башка профсоюзга караштуу тез жардам кызматкерлери эмгек акы келишпестигинен улам иш ташташты.

Ушул алкакта 999 номерине телефон чалууларда, абалы оор эмес бейтаптарга кечигүү менен жооп берилери айтылды.

Өкмөт, кызматкерлердин айлык акысын инфляциядан жогору көтөрүү талабын канааттандыруу мүмкүн эместигин билдирүүдө.

Өлкөдө Улуттук саламаттыкты сактоо кызматындагы (NHS) эң чоң иш таштоонун медайымдардын да катышуусу менен 6-февралда өткөрүлүшү пландалууда.



Тектеш кабарлар