Зеленский: «Украина күчтүү болгондуктан бүтүн, ал бүтүн болгондуктан күчтүү»
Украинанын президенти Владимир Зеленский «Украинанын Биримдик күнүнө» карата жарыялаган видео кайрылуусунда жарандарын биримдикке чакырды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту бирге жеңе тургандарын билдирип: «Украина күчтүү болгондуктан бүтүн, ал бүтүн болгондуктан күчтүү»,- деди.
Зеленский «Украинанын Биримдик күнүнө» карата жарыялаган видео кайрылуусунда жарандарын биримдикке чакырды.
Зеленский көз карандысыздык жана аймактык бүтүндүк үчүн элдин биримдигинин маанилүүлүгүн белгилеп: «Чыныгы биримдикке жетпесе эгемендүүлүк жоголот», - деп айтты.
Орусия-Украина согушу былтыр 24-февралда башталганын эске салган Зеленский өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн күрөшүп жатышканын белгиледи.
Украиндар бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык жерин коргоо үчүн күрөшүп жатканын белгилеген Зеленский: «Биз бирге жеңебиз жана бүт Украина жеңиштин үнүн угат. Украина күчтүү болгондуктан бүтүн, ал бүтүн болгондуктан күчтүү»,-деп өз баасын берди.