Париж дүйнөдөгү эң күчтүү туристтик мегаполистердин башында турат

WTTC жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

1935771
Париж дүйнөдөгү эң күчтүү туристтик мегаполистердин башында турат

Франциянын борбор шаары Париж, Дүйнөлүк Саякат жана Туризм Кеңеши (WTTC) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө дүйнөнүн эң күчтүү жана маанилүү туристтик шаарларынын арасында биринчи орунду ээледи.

Франциянын BFMTV телеканалы, WTTCтин дүйнөнүн туризм тармагындагы эң күчтүү мегаполистер боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгын бөлүштү.

Бул маалыматтарга караганда Париж, келген туристтер менен бирге музей билеттери, мейманкана брондоолору жана туристтердин сарптоолору эске алынганда дүйнөдөгү эң күчтүү жана маанилүү туристтик шаарлардын башында турат.

2022-жылы шаарга барган туристтер 35 миллиард доллардан ашуун каражат сарпташкан.

Бир тараптан Парижде 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын алдында аз сандагы жаңы спорт объектилеринин курулушуна карабастан туристтерди тосуп алуу үчүн шаардын инфраструктурасына же коопсуздукка олуттуу инвестиция салына баштады.

WTTC рейтингинде Пекин, Лондон жана Нью-Йорк Парижден кийинки дүйнөдөгү эң маанилүү туристтик шаарлардын арасында алдыңкы орундарды ээледи.



Тектеш кабарлар