Дүйнөдөгү эң кары адам каза болду

Карылар үйүнүн кызматкерлери, кечилдин шейшемби күнү төшөгүндө каза болгонун билдиришти.

1934239
Дүйнөдөгү эң кары адам каза болду

"Дүйнөдөгү эң улгайган адам" наамына ээ болгон 118 жаштагы француз кечили Люсиль Рэндон каза болду.

Рэндон жашаган Франциянын түштүгүндөгү Тулон шаарындагы карылар үйүнүн кызматкерлери, кечилдин шейшемби күнү төшөгүндө каза болгонун билдиришти.

Жетекчилер "Дуайен медайым Андре" деген ат менен белгилүү болгон Рэндондун өлүмүнө капа болгондорун, бирок анын көптөн бери өлүмдү эңсеп жүргөнүн айтышты.

1904-жылдын февралында туулган Люсил Рэндон 25-апрелден бери дүйнөдөгү эң кары адам наамын алып, 2021-жылдын башында коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) аман калган.


Этикеткалар: #Люсиль Рэндон каза

Тектеш кабарлар