Нигериядагы азык түлүк көйгөйү

Өлкөдө кагылышуулар, климаттын өзгөрүшү, инфляция жана азык-түлүк бааларынын жогорулашынын коркунучтуу деңгээлге жеткени баса белгиленди.

1933914
Нигериядагы азык түлүк көйгөйү

Нигерияда быйыл 25 миллион кишинин азык түлүк көйгөйүнө туш болоору эскертилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) билдирүүсүндө, БУУ тарабынан колдоого алынган азык түлүк жана тамактануу уюму Cadre Harmoniseнин 2022-жылдын октябрь айындагы отчетуна көңүл бурулду.

Отчетто өкмөт жана эл аралык уюмдар чара көрбөсө, Нигерияда кургакчылык мезгили деп эсептелген июнь-август айларында 25 миллион кишинин азык-түлүк кризисине дуушар боло турганы айтылды.

Билдирүүдө өлкөдө кагылышуулар, климаттын өзгөрүшү, инфляция жана азык-түлүк бааларынын жогорулашынын коркунучтуу деңгээлге жеткени баса белгиленип, ушул себептерден улам 17 миллион кишинин азык-түлүк кризисине кабылышы мүмкүн экендиги кабарланды.

Нигерияда 2022-жылдагы жаан-чачындуу мезгилде болгон сел апааттары 676 миң гектардан ашык айыл чарба жерине зыян келтирип, түшүмдүн азайышына себеп болду.

Өлкөдөгү ысык аба ырайынын келечекте да азык-түлүк коопсуздугуна таасир этүүчү эң чоң факторлордун бири болору белгиленди.



Тектеш кабарлар