Израилдин Палестинага карата санкциялары, эл аралык каршы чыгуулар

Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү ондогон өлкө жана эл аралык топко таандык биргелешкен билдирүү Палестинанын БУУ өкүлчүлүгүнүн Твиттер эсебинен жарыяланды.

1934090
Израилдин Палестинага карата санкциялары, эл аралык каршы чыгуулар

Израилдин Палестина башкаруусуна  киргизген санкцияларына эл аралык каршы чыгуулар келди.

Араларында  Германия, Франция, Италия жана Япония сыяктуу айрым өлкөлөр Израилдин акыркы мезгилдерде Палестина башкаруусуна карата киргизген  санкцияларды кабыл албагандыгын жана мындан "терең тынчсыздангандыгын" билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү ондогон өлкө жана эл аралык топко таандык биргелешкен билдирүү Палестинанын БУУ өкүлчүлүгүнүн Твиттер эсебинен жарыяланды.

Билдирүүдө : «БУУга мүчө мамлекеттер катары биз эл аралык системабыздын негизи болгон Эл аралык сотту  жана эл аралык укукка болгон колдообузду дагы бир жолу ырастайбыз», - деп белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соттун корутундусун талап кылгандан кийин Палестина калкына, лидерлерине жана жарандык коомчулукка каршы жаза чараларын колдонуу чечиминен «терең тынчсыздануу» болгону белгиленген билдирүүдө өлкөлөрдүн чечим тууралуу  мамилеси эмне болсо болсун Эл аралы соттун  корутундусун алуу өтүнүчү боюнча жазалоо чараларын колдонууга жол берилбейт деп белгиленди.

Палестинанын БУУдагы туруктуу байкоочусу Рияд Мансур Палестинанын мамлекеттик радиосуна жасаган билдирүүсүндө  «Бир мамлекеттин БУУнун Башкы ассамблеясына барышы, демократиялык жана тынчтык жолу менен каалаган нерсесин суроосу тууралуу  демократиялык укугунун аныкталышын» каалагандарын айтты.

Израиль бул боюнча азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.

Биргелешкен билдирүүгө кол койгон мамлекеттердин арасында; Алжир, Аргентина, Бельгия, Бразилия, Франция, Германия, Италия, Япония, Пакистан сыяктуу өлкөлөр бар.

БУУнун Башкы ассамблеясы 31-декабрда  Эл аралык Соттон Израилдин Палестина аймактарын басып алуунун укуктук жыйынтыктары боюнча “кеңеш берүүчү көз караш билдирүү беришин” талап кылган чечимди кабыл алган.

Израиль өкмөтү да андан кийин 6 -  январда Палестинага карата, салык фонддорун миллондогон доларды кыскартуу, Батыш Шериадагы курулуш пландарынын тоңдурулушу жана өкмөт жетекчилеринен «артыкчылыктардын» алынышы да болгон 5 санкцияны камтыган чечимди чыгарган.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар