Ооганстанда 24 киши суукка тоңуп каза болду

Ызгаардуу суук адам өмүрүн алды.

1933200
Ооганстанда 24 киши суукка тоңуп каза болду

Ооганстанда аба ырайынын катаал шарттарынан улам 24 адам суукка тоңуп каза болду.

Ооган басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, өлкөнүн өзгөчө ички жана түндүк аймактарында акыркы күндөрү таасирдүү болгон ызгаардуу суук адам өмүрүн алды.

Маалыматка ылайык, Бадгисте 4ү бала 5 адам, Герат жана Багланда көчөдө жашаган 9 адам, Хостта 5 адам, Фарьябда 2 адам, Жузжанда 2 жана Сар-е Полдо 1 адам тоңуп каза болду.

Бир тараптан гипотермиядан улам жүздөгөн кишинин ооруканаларга кайрылганы жана миңдеген бодо малдын кырылып калганы белгиленди.

Ооганстанда экономикалык кризистин себебинен кышында отун-көмүр ала албаган аз камсыз болгондордун жоон тобу бар.


Этикеткалар: #суукка тоңуп каза

Тектеш кабарлар