Израилдик аскерлердин ок атуусунан бир палестиналык каза болду

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери израилдик аскерлердин ок атуусунан каза болгон палестиналыктардын саны 13кө жетти, алардын 3ү бала.

1933148
Израилдик аскерлердин ок атуусунан бир палестиналык каза болду

Оккупацияланган Батыш Шериада израилдик аскерлердин ок атуусунун натыйжасында бир палестиналык каза болду.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Рамаллахтын түндүгүндөгү Силвад шаарына жакын жерде оккупациялык күчтөр тарабынан атылган октун натыйжасында бир палестиналык шейит болду»,деген билдирүүлөр камтылган.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAдагы кабарда, Силвад шаарынын батыш кире беришинде израилдик аскерлер тарабынан чыныгы октор менен жараланган 45 жаштагы палестиналыктын ооруканада каза болгондугу билдирилсе, окуяга күбө болгондор ошондой эле, «Израиль аскерлери палестиналыкты унаасынан мажбурлап түшүрүп, аны менен оозеки талашып-тартышып, жакын аралыктан ок чыгарганын» кабарлашты.

Израилдин Channel 12 телеканалы болсо «бычак менен кол салууга аракет кылган бир палестиналыктын Израиль армиясында эч кандай жоготууга учурабастан таасирсиз абалга келтирилгени» белгиленди.

Израиль бийликтери окуяга байланыштуу билдирүү жасай элек.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери израилдик аскерлердин ок атуусунан каза болгон палестиналыктардын саны 13кө жетти, алардын 3ү бала.



Тектеш кабарлар