Якутияда абанын температурасы минус 50 градус суук

Катуу суукка көнүп калган эл абалга нааразы эмес.

1933456
Якутияда абанын температурасы минус 50 градус суук

Дүйнөдөгү эң суук шаар ызгаардуу суукка багынды.

Сибирь аймагындагы Якутияда термометрлер 50 градус суукту көрсөттү.

Катуу суукка көнүп калган эл абалга нааразы эмес. Алардын айтымында, бир гана чечим - жылуу кийинүү.

Орусиянын Якутия Автономиялуу Республикасында орточо температура кышында 40 градус суук болсо, жайында 19 градус жылуу болот.

Аймакта бул күндөрү абанын температурасы 50 градуска чейин төмөндөдү. Бирок ызгаар суукка карабай жашоо токтобойт.

Суук климатынан улам айыл чарбасы мүмкүн болбогон шаарда жашылча-жемиштер сырттан сатылып алынат.

Ачык асман алдындагы базарларда бардык продукциялар тоңгон текчелерде сатылат. Соодагерлердин айтымында суук көйгөй эмес.

Якутияда абанын температурасы 52 градус суукка чейин түшмөйүнчө мектептер жана мамлекеттик мекемелер жабылбайт.

Аймакта буга чейин катталган эң төмөнкү температура минус 64 градус.

Жай мезгилиндеги эң жогорку температура болсо 36 градус деп катталган. 



Тектеш кабарлар