Кытай жерди байкоого алган жаңы спутниктерин учурду

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, Шиянь-22А жана Шиян-22В спутниктери менен «Яоган-37» спутниги мурунку күнү Long March-2D ракетасы менен Гоби чөлүндөгү Циучуэн спутник борборунан учурулган.

1932887
Кытай жерди байкоого алган жаңы спутниктерин учурду

Кытай космоско илимий эксперименттер жана деталдуу жер байкоолору үчүн арналган «Шиян» классындагы жерди байкоочу эки спутник жана «Яоган» классындагы аскердик чалгын спутнигин жиберди.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, Шиянь-22А жана Шиян-22В спутниктери менен «Яоган-37» спутниги мурунку күнү Long March-2D ракетасы менен Гоби чөлүндөгү Циучуэн спутник борборунан учурулган.

Спутниктер учурулгандан кийин пландалган орбиталык позицияга коюлгандыгы билдирилди.

Кытайча «эксперимент» деген маанини билдирген Шиян спутниктери менен «алыстан зонддоо» деген маанини билдирген Яоган спутнигинин космос чөйрөсүн байкоо үчүн орбиталык технологияларды сыноо үчүн колдонула турганы билдирилди.

Учуруу Long March ракеталары менен 461- ийгиликтүү транспорттук миссиясы болду.

Кытай 12-декабрда «Шиян-20А» жана «Шиян-20В» спутнигин, 17-декабрда «Шиян-21» спутнигин учурган. 2004-жылы биринчи жолу космоско учурулган Шиян спутниктеринин 25и орбитада активдүү.

Аскердик чалгындоо максатында болушу болжолдонгон «Яоган» спутниги программасынын алкагында акыркы «Яоган-36» спутниги 15-декабрда космоско жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар