Прайс : "Россия тынымсыз командирлерин алмаштыруу менен башка жыйынтыкка жетүүгө аракет кылууда"

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Россиянын согушта эмнени максат кылгандыгын Москвадан суроо керектигин айтты.

1932331
Прайс : "Россия тынымсыз командирлерин алмаштыруу менен башка жыйынтыкка жетүүгө аракет кылууда"

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Россиянын 24 - февралдан бери уланып жаткан Украина согушунда командирлерин тынымсыз алмаштыруу менен башка жыйынтыктарга жетүүгө аракет кылганын айтып, муну «жиндиликке» салыштырды.

Борбор шаар Вашингтондо өткөргөн күнүмдүк пресс  - жыйынында «Россиянын башкы штабынын төрагасы Валерий Герасимовдун Украинадагы операциядан жооптуу биргелешкен аскердик күчтөрүнүн башчылыгына дайындалышына» байланыштуу суроого жооп берген Прайс бул тапшырма менен  Россиянын согушта эмнени максат кылгандыгын Москвадан суроо керектигин айтты. Нед Прайс : «Биздин көз карашыбыздан карай турган болсок бул мага бир жиндилик аныктамаларынын бири, тактап айтканда башка бир жыйынтык алуу үчүн бир эле нерсени кайра кайра жасоону эске салууда. Россия ар жолкусунда жогорку даражалуу, тажрыйбалуу командирлерди дайындап ошол эле жыйынтыкты алууда. Украинанын өзүн коргоо дубалын, өлкөсүн коргоого өзүн арнаган украиналык коргоочуларды көрүп жатат. Россия жаңы командирлерди дайындоо менен согуштун динамикаларын өзгөртүүнү ойлошу мүмүкн бирок ал жерде негизги динамика өзгөрбөйт. Ал да украиналыктардын өз жерлери үчүн согушуусу»,- деди.

Украина армиясы жери, демократиясы үчүн согушуп жатса, орус армиясынын жер алуу согушуна киришкендигин айткан прайс Украина армиясынын согуш аянтында таасирин көрсөтүүгө жана жерлерин коргоону улантарына толук  ишенгендигин белгиледи.

Россиянын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта орус армиясынын Украинага карата командачылык деңгээлинде өзгөртүүлөрдүн жасалганы жана Герасимовдун Биргелешкен Аскердик Күчтөрдүн башчысы болуп дайындалганы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар