Франция Украинага AMX 10-RC тибиндеги танктарды жөнөтөт

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну менен Украинанын коргоо министри Алексей Резников кечээ телефон аркылуу сүйлөштү.

1932349
Франция Украинага AMX 10-RC тибиндеги танктарды жөнөтөт

Франция эки айдын ичинде Украинага AMX 10-RC тибиндеги жеңил согуштук танктарды жөнөтөт.

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну менен Украинанын коргоо министри Алексей Резниковдун кечээ телефон аркылуу сүйлөшүшкөнүн Франциянын Коргоо министрлиги маалымдады.

Билдирүүдө Лекорнунун «Орусиянын баскынчылыгына каршы» Украинага чексиз колдоосун кайталаганы жана Орусиянын Украинанын жарандык инфраструктураларын бутага алган бомбалоосун айыптаганы белгиленди.

Маалыматта ошондой эле сүйлөшүүдө эки министрдин Франциянын Украинага болгон аскердик жардамын талкуулаганы жана Франциянын AMX 10-RC тибиндеги жеңил согуштук танктарды 2 айдын ичинде Украинага жөнөтүшүнө чечим чыгарылганы кабарланды.

Франция менен Украинанын коргоо министрлери, бул танктарды колдоно алуусу үчүн украин аскерлерин тез арада окутулушуна чечим чыгарышты.



Тектеш кабарлар