АКШда болгон бороон

Бороондон улам 6 киши каза болду.

1932248
АКШда болгон бороон

Америка Кошмо Штаттарынын  Алабама штатында катуу болгон бороондон улам 6 киши каза болду.

Катуу жамгыр жана суу ташкындары өлкөнүн батыш тарабындагы Калифорнияда уланып, бороон түштүк штаттарда, анын ичинде Алабамада чоң зыян келтирди.

Бул тууралуу Алабама штатынын губернатору Кей Айви өзүнүн Twitter баракчасынан маалымат берип : " Штатыбызды талкалаган бороондо  алабамалык  6 кишинин каза болушу кайгыртты",- деди.

Губернатор Айви бороондон катуу жабыркаган айрым аймактарда өзгөчө кырдаал жарыялады.

Жоржия, Миссисипи жана Алабама штаттарында нөшөрлөп жааган жамгыр жана шамал үйлөргө зыян келтирип, он миңдеген адамдарды электр жарыгысыз калтырды.



Тектеш кабарлар