Швециядагы ПКК/ЙПГ тарапкерлеринин провокациясы

ПКК/ЙПГ колдоочулары Түркияга каршы провокацияларын улантууда.

1931934
Швециядагы ПКК/ЙПГ тарапкерлеринин провокациясы

Швециядагы жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ колдоочулары Түркияга каршы провокацияларын улантууда.

Борбор калаа Стокгольмдун тарыхый мэриясынын алдына чогулган ПКК/ЙПГ тарапкерлери Түркияны жана президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган коркутууларды айтышты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасынын орун басары Нуман Куртулмуш, Стокгольмдогу ПКК/ЙПГ тарапкерлеринин провокацияларына байланыштуу: «Бул биздин президентибизге гана эмес, бүтүндөй Түркияга каршы жасалган кол салуу болуп саналат. Бул провокацияны жана ага унчукпай тургандарды да айыптайбыз»,-деди.

Нуман Куртулмуш: «Түркиянын НАТОго кирүүнү каалаган өлкөлөргө террордук уюмдарга жол бербегиле деген эскертүүсүнүн канчалык негиздүү экени дагы бир жолу ачыкка чыкты»,-деди.

2022-жылдын 21-ноябрында да ПКК/ЙПГ тарапкерлери Стокгольмдогу Түркия элчилигине террордук уюмду пропагандалаган жана президент Эрдоганга акаарат келтирген көрүнүштөрдү көрсөтүшкөн.

Андан соң Швециянын Анкарадагы элчиси Стаффан Херстрем Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, окуя айыпталган.

Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койгон. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протокол түзгөн Анкара, берилген убадалардын аткарылышын күтүп жатат.



Тектеш кабарлар