Швейцария Орусия тарабынан басып алынган жерлерден берилип жаткан саякат визаларын кабыл албайт

Швейцариянын Федералдык Кеңешинде кабыл алынган чечим Европа Кеңешине билдирилип күчүнө кирди.

1931705
Швейцария Орусия тарабынан басып алынган жерлерден берилип жаткан саякат визаларын кабыл албайт

Швейцария Украина жана Грузиянын жикчил аймактары менен бирге Орусия тарабынан басып алынган жерлерден жаңы берилип жаткан саякат визаларын кабыл албай турганын билдирди.

Швейцария өкмөтү Евробиримдиктин (ЕБ) 8-декабрдагы, Орусия тарабынан оккупацияланган Украинанын жерлеринен жана Грузиянын жикчил аймактарынан берилген жаңы орус саякат документтери виза жана Шенгенге кирүү үчүн кабыл алынбайт деген чечимине кошулганын кабарлады.  

Швейцариянын Федералдык Кеңешинде кабыл алынган чечим Европа Кеңешине билдирилип күчүнө кирди.

Бул чечимдин, Орусия басып алган Украина жана Грузиянын жикчил аймактарындагы жаңы жарандуулук тартибине каршы чыгарылганы белгиленди.

Евробиримдик жаңы жарандуулукту эл аралык укук менен эки өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын бузуу катары баалайт.

Швейцария сентябрда Евробиримдиктин Орусия менен виза режимин жеңилдетүү келишимин токтотуу чечимине да кошулган болчу.



Тектеш кабарлар