Мария Захарова НАТО менен Европа Биримдигинин биргелешкен декларациясы тууралуу билдирди

Россия НАТО менен Европа Биримдигинин  ортосунда кол коюлган биргелешкен декларацияны “Батыштын үстөмдүгүнүн философиясын мактоо” деп мүнөздөдү.

1931755
Мария Захарова НАТО менен Европа Биримдигинин биргелешкен декларациясы тууралуу билдирди

Россия НАТО менен Европа Биримдигинин  ортосунда кол коюлган биргелешкен декларацияны “Батыштын үстөмдүгүнүн философиясын мактоо” деп мүнөздөдү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө НАТО менен  Европа Биримдигинин   ортосундагы кызматташтыкты кийинки баскычка алып чыгуу, Россия жана Кытайга каршы кызматташтыкты арттыруу менен Украинага колдоо көрсөтүүнү улантуу максатында биргелешкен билдирүүгө кол коюшуна каршылык көрсөттү.

Европа Биримдигинин НАТО менен глобалдык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине карай бара жатканын белгилеген Захарова Европа Биримдигинин Кытай менен геосаясий атаандаштыкка тартылганына көңүл бурду.

Мария Захарова : "Биргелешкен декларация ошол эле учурда  Батыштын үстөмдүгү философиясы боюнча дагы бир мактоо",- деди.  

НАТО жана Европа Биримдиги өз  жарандары үчүн бардык саясий, экономикалык жана аскердик ыкмаларды колдоно тургандарын ачык айтканын белгилеген Захарова Батыштын дүйнөнүн калган бөлүгүн бул куралдардын жардамы менен кайрадан калыптандырылышы керек болгон душмандык чөйрө катары көргөнүн белгиледи.

Европа Биримдигинин Тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин  Европа Биримдигин гүл бакчасы жана  айланасындагы дүйнөнү бул бакчага барган токойго салыштырганын эске салган Захарова, чындыгында Европаны  бул «токойдун» коркутпагандыгын, бир уюлдуу дүйнө жаратууга аракет кылган Европа Биримдиги  жана НАТОнун күнөөлүү экендигин айтты.

Орус басма сөз катчысы : «НАТО менен Европа Биримдигинин көз карандысыз тышкы саясатты жүргүзгөн мамлекеттерге карата агрессивдүү жана конфронтациячыл мамилеси, алардын мамлекеттерди «биз» жана «алар» деп бөлүү аракети чыр-чатактын тынчтык жолу менен чечилишине тоскоол болуп, эл аралык коопсуздукту,  терроризмге каршы күрөштү алсырата турганы айдан ачык»,- деди.



Тектеш кабарлар