Кытай Ооганстандагы кол салууну айыптады
Жардыруу учурунда министрликтин имаратында кытайлык делегация менен жолугушуулар өтүп жатканы маалымдалган.
Кытай кечээ Ооганстанда 20 кишинин өмүрүн алган жардырууда кытай делегациясынын бутага алынганын кабарлады.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Кытай бул кол салууну кескин айыптайт жана ооган өкмөтүнүн бардык өлкөлөрдүн жарандарын, анын ичинде кытай жарандарын коргой аларын үмүттөнөт»,-деп айтылды.
Кечээ Ооганстандын борбору Кабулда Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында жардыруу болгон.
Талибандын басма сөз катчысы кол салууда 20 киши каза болуп, көптөгөн адамдардын жарадар болгонун билдирген.
Жардыруу учурунда министрликтин имаратында кытайлык делегация менен жолугушуулар өтүп жатканы маалымдалган.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.