Калифорниядагы катаал аба ырайы: 17 адам каза болду

Өлкөнүн түштүк тарабында жагымсыз аба ырайынын азайганын белгилеген Улуттук метеорология кызматы, эртеңден тарта түндүктө жаңы катуу жаан жана бороон толкунунун күтүлгөнүн эскертти.

1931527
Калифорниядагы катаал аба ырайы: 17 адам каза болду

АКШнын Калифорния штатында дем алыш күндөрү башталган нөшөрлөгөн жамгыр жана бороондон улам каза болгондордун саны 17ге жетти.

Өлкөнүн түштүк тарабында жагымсыз аба ырайынын азайганын белгилеген Улуттук метеорология кызматы, эртеңден тарта түндүктө жаңы катуу жаан жана бороон толкунунун күтүлгөнүн эскертти.

Жетекчилер сел, суу ташкындары, жер көчкү, катуу шамал жана чагылгандын кесепетинен дагы 2 кишинин өлүмүнөн кийин каза болгондордун санынын 17ге жеткенин белгиледи.

Катуу жамгыр жана бороон-чапкындан жапа чеккен Санта-Круз аймагына барган Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом, каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деп билдирди.

Ньюсом Калифорниядагы 58 аймактын жарымынан көбүнүн "апаат зонасы" деп жарыяланганын айтты.

Өзгөчө штаттын түштүк аймагында жамгырдын жана бороондун азайышы менен селге каршы эвакуацияланган 35 миңдей кишинин бир бөлүгүнүн үйлөрүнө кайтуусуна уруксат берилип, электр чубалгыларын жана бузулган жолдорду оңдоо иштери башталды.



Тектеш кабарлар