Британия менен АКШдагы иш таштоолор

1-февралдан тарта да Британияда 100 миңдей мамлекеттик кызматкердин иш таштай турганы жарыяланды.

1931810
Британия менен АКШдагы иш таштоолор

Британияда күн сайын ар башка секторлордун жумушчулары иш таштоодо.

Өлкөдө энергиянын кымбатташынан жана инфляциянын өсүшүнөн улам иш таштоо толкуну уланууда.

Темир жолчулар жана автобус айдоочулары дагы бир жолу иш ташташты. 1-февралдан тарта да 100 миңдей мамлекеттик кызматкердин иш таштай турганы жарыяланды.

Мамлекеттик кызматкерлер айлык маянасын жогорулатууну жана алардын иштөө шарттарын жакшыртууну талап кылышууда.

Испаниянын борбор шаары Мадридде да айлык акыны жогорулатуу, эмгек шарттарын жакшыртуу жана кадрларды кабыл алуу талаптарынын өкмөт тарабынан канааттандырылган жок деген негиз менен 21-ноябрда башталган мөөнөтсүз иш таштоого Рождество майрамында тыныгуу берген үй-бүлөлүк жана тез жардам дарыгерлери бүгүнтөн тарта иш ташташты.

Каталония, Валенсия, Экстремадура, Андалусия, Наварра жана Арагон автономиялуу администрацияларында да дарыгерлер январь айында иш таштоо чечимине келишкенин жарыялашты.

АКШнын Нью-Йорк шаарында да медайымдардын иш таштоосу уланып жатат.

Эки ири саламаттыкты сактоо мекемесинде иштеген 7,000ден ашык медайымдар жана медициналык кызматкерлер мурунку күнү иш ташканкан.

Иш таштоонун үчүнчү күнүндө нааразылык акциясы болду.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери ооруканалардагы кадрлардын жетишсиздигин чечүүнү жана айлык акыны жогорулатууну талап кылууда.


Этикеткалар: #иш таштоосу

Тектеш кабарлар