Орусия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмаштыруу

Эки өлкөнүн өкүлү Анкарада өткөрүлгөн эл аралык акыйкатчы конференциясынын алкагында жолугушту.

1931274
Орусия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмаштыруу

Орусия менен Украина 40 туткунду алмаштырууну макулдашты.

Тараптар тема боюнча борбор шаар Анкарада чогулду.

Эки өлкөнүн өкүлү Анкарада өткөрүлгөн эл аралык акыйкатчы конференциясынын алкагында жолугушту.

Орусиянын адам укуктары боюнча акыйкатчысы Татьяна Москалькова украиналык кесиптеши Дмитрий Лубинец менен Анкарада жолугушкандан кийин эки өлкөнүн 40 туткунду алмашуу темасында макулдашканын билдирди.

Жолугушуудан кийин билдирүү жасаган Москалькова, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун өзү менен жолукканын белгилеп, Түркиянын акыйкатчылыгына ишеним артканын айтты.

Москалькова Түркиянын туткун алмашуу үчүн эң ылайыктуу жерлердин бири экенин баса белгиледи.

Ал биринчи конкреттүү кадамдын качан таштала тургандыгы тууралуу маалымат берген жок.

Орус өкүлү туткундарды алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн улана турганын кабарлады.



Тектеш кабарлар