Калың кар жаашы жана сууктан улам Иранда мектептер менен мекемелер эс алууга чыкты

Иранда калың кар жаашы жана суук аба ырайынан улам  энергия жана газды үнөмдөө максатында кээ бир провинцияларда мектептер менен  мамлекеттик мекемелер эс алууга чыкты.

1931035
Калың кар жаашы жана сууктан улам Иранда мектептер менен мекемелер эс алууга чыкты

 Иранда калың кар жаашы жана суук аба ырайынан улам  энергия жана газды үнөмдөө максатында кээ бир провинцияларда мектептер менен  мамлекеттик мекемелер эс алууга чыкты.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Эльборз губернаторунун орун басары Кавех Хедадипур провинциядагы бардык мектептердин, мекемелер менен кеңселердин, банктардын энергетика жана газ колдонууну азайтуу максатында бүгүн эс алууга чыккандыгын айтты. Хедадипур лицей жана университетте сынактардын пландалган күндөрү болорун белгиледи.

Эртең да бардык банктардын жабык болорун айткан Хедадипур бардык мекеме, кеңселердин ишемби күнгө чейин ысытуу системаларын жабуулары керектигин айтты.

Чахармахал - Бахтиари аймагынын билим берүү, коомчулук менен байланыштар боюнча жооптуу Эршад Шаколи башталгыч, орто жана жогорку класстагы мектептерде билим берүүнүн калың жааган кар, суук жана тайгак жолдордон улам убактылуу токтотулганын, билим берүүнүн онлайн жүргүзүлөрүн билдирди.

Эрдебил облусунун губернаторунун орун басары Казым Дебир да өз аймагындагы бардык административдик кызматкерлер үчүн алыстан иштөө чечими кабыл алынганын белгилеп, калыңдыгы 40 сантиметрге жеткен кардын жол кыймылынын үзгүлтүккө учурашына жана кээ бир өнөр  жайларынын жабылышына себеп болгонун айтты.

Семнан провинциясынын губернаторунун орун басары Мухаммед Хамиди аба ырайынын сууктугуна байланыштуу газ жана энергия керектөөнүн көбөйгөнүн, бул тууралуу  үнөмдөө үчүн эртең бардык мамлекеттик мекеме жана уюмдардын жабыла турганын жарыялады.

Бир тараптан Иран Метеорология мекемеси өлкөдө эртеңден баштап жаңы муздак аба толкунунун таасирдүү болоорун жана абанын температурасынын 8  -  10 градуска чейин төмөндөй турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар