Афганистандагы жарылууда 20 киши каза болду
Талибан күчтөрү министрликке баруучу көчөлөрдү унааларга жаап, тегеректеги аймактарда кеңири коопсуздук чараларын көрүштү.
Афганистандын борбор шаары Кабулда Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында болгон жардыруудан 20 киши каза болуп, көп сандаган кишинин жарадар болгондугу билдирилди.
Талибан администрациясынын Кабул полиция департаментинин басма сөз катчысы Халид Задран соцтармактагы билдирүүсүндө Тышкы иштер министрлигинин жанында жардыруу болгонун жарыялады.
Басма сөз катчы кол салууда 20 кишинин каза болгонун, көп сандаган кишинин жараланганын, окуя болгон жерге коопсуздук күчтөрүнүн жиберилгенин билдирди.
Талибан күчтөрү министрликке баруучу көчөлөрдү унааларга жаап, тегеректеги аймактарда кеңири коопсуздук чараларын көрүштү.
Жабыркагандардын ооруканага жеткирилгени маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.