2022 - жылы Еврорпада эң ысык экинчи жыл болду

Өткөн жылы орточо жылдык температура 1991 - 2020 - жылдарга салыштырмалуу 0,3 градуска жогору өлчөлдү.

1930808
2022 -  жылы Еврорпада эң ысык экинчи жыл болду

2022 -  жылдын жалпы дүйнөдө ушул күнгө чейин өлчөлгөн эң ысык бешинчи, Еврорпада эң ысык экинчи жыл болгондугу билдирилди. 
Европа Биримдигинин Copernicus климаттык алмашуу боюнча кызматы 2022 -  жылы көп сандаган ысыктык рекордунун катталгандыгын, парник газдарынын концентрациясы жогорулаганын билдирди.

Европа Биримдигинин маалыматына караганда 2022 -  жыл "температура каттоолору  каттала баштагандан бери өлчөнгөн эң  ысык 5-жыл" болду. Акыркы 8 жыл болсо "эң ысык 8 жылдык мезгил" катары каттоого өттү.

Өткөн жылы орточо жылдык температура 1991 - 2020 - жылдарга салыштырмалуу 0,3 градуска жогору өлчөлдү.

1850 - 1900 - жылдар менен салыштырганда температура 1,2 градуска жогорулаган.

Атмосферадагы көмүр кычкыл газынын концентрациясы акыркы жылдардагыдай эле болжол менен 2,1 промиллеге көбөйдү.

 Европа континентинде 2022 - жылы рекорддук экинчи эң жылуу жыл болду. Эң ысык жыл 2020 - жыл болгон болчу. 

Сезондук өлчөөлөргө ылайык, Европа континентинде 2022 - жылы эң ысык жай жана үчүнчү эң жылуу күз болгон.

Башка аймактарга караганда узакка созулган ысык толкундар жай бою Пакистанга, Индияга жана Кытайга таасирин тийгизип, Пакистанда акыркы жылдардагы эң чоң сел апааты болду.

Австралия континентиндеги Ла Нина шарттарынын таасири менен абанын температурасы төмөн бойдон калып, катуу жамгыр жааган.

Февраль айында Антарктика деңизиндеги (Ведделл) муздун көлөмү спутниктен алынган 44 жылдык рекорддор боюнча эң төмөнкү деңгээлге түштү.

 



Тектеш кабарлар