Пакистан Индияга каршылык көрсөттү

Пакистандын тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

1928321
Пакистан Индияга каршылык көрсөттү

Пакистан Индиянын тышкы иштер министри Субрахманьям Жайшанкардын Пакистанды террордун борбору деп айыптаган билдирүүлөрүн «негизсиз жана бош» деп сыпаттады.

Пакистандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкардын сөздөрүнүн «Жаңы Делинин Исламабадды жамандоо жана изоляция кылуудагы ийгиликсиздигинен улам күчөгөн коркуу сезимин чагылдырат» деп айтылды.

Билдирүүдө Пакистанды террордун борбору деп айыптаган Жайшанкардын билдирүүлөрү «негизсиз жана бош» деп сыпатталды.

Индиянын бир нече жылдардан бери Пакистанга каршы пропаганда менен эл аралык коомчулукту адаштыруу үчүн кара ниет үгүтүн жүргүзүп жатканына көңүл бурулган билдирүүдө, Жаңы Делиге Пакистанга каршы «террор, коррупция жана тыңчылык» иш-аракеттерин токтотуу чакырыгы айтылды.

Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкар 3-январда Австриянын борбору Венадагы билдирүүсүндө, Пакистанды террордун борбору деп айыптаган.



Тектеш кабарлар