Грецияда дары-дармек тартыштыгы
Греция Европа Биримдигинин (ЕБ) саламаттыкты сактоо комиссарлыгына кат жолдоду.
Грециянын саламаттыкты сактоо министри Танос Плеврис, өлкөсүнүн дары-дармек тартыштыгына байланыштуу Европа Биримдигинин (ЕБ) саламаттыкты сактоо комиссарлыгына кат жолдоду.
Грек басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда катта, бардык Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн бирдей көйгөй менен бетме-бет келгени, чечүүчү жол үчүн биргелешип аракет кылуу керектиги белгиленди.
Катта «Акыркы убактарда кээ бир дары-дармектердин тартыштыгы маселеси Евробиримдиктин жалпысында күч алууда. Бул көйгөйдү өлкөлөр жалгыз чечкенге аракет кылып жатышат. Бирок Евробиримдиктин бардык аймагында борбордук саясаттар болушу керек»,- деп айтылды.
Грециянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мина Гага да өзү катышкан радио программасында дары тартыштыгынын бүт Европада байкалып жатканын баса белгилеп: «Мунун негизги себеби, Кытай жана Индия сыяктуу ири чийки зат өндүрүүчү өлкөлөрдүн өндүрүштү токтотушу же азайтышы»,- деди.