Францияда жаратылыш газ жана электр энергиясын керектөө азайды

Метеорологиялык шарттарга карабастан үнөмдөө чараларынын натыйжасы менен бардык аймактарда электр энергиясын керектөө мындан ары да азаят деп болжолдонууда.

1927877
Францияда жаратылыш газ жана электр энергиясын керектөө азайды

Францияда Орусиянын Европага жаратылыш газын токтотуусунан улам келип чыккан энергетика кризисинен чыгуу үчүн көрүлгөн үнөмдөө чараларынын негизинде жаратылыш газ жана электр энергиясын керектөө олуттуу түрдө азайды.

«Ле Фигаро» гезитинин Франциянын электр өткөргүч тармагынын маалыматтарына таянып берген кабарына караганда, жыл аягында электр керектөө 8,5 пайызга төмөндөдү.

Бул көрсөткүч коронавирус (Ковид-19) пандемиясы күч алган 2020 жана 2021-жылдарды кошпогондо, 2014-2019-жылдардын ортосундагы орточо көрсөткүчтөрдү эске алуу менен эсептелген.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-августунан 2023-жылдын 1-январына чейинки аралыкта 2018-2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу газды керектөө 12 пайызга азайган.

Метеорологиялык шарттарга карабастан үнөмдөө чараларынын натыйжасы менен бардык аймактарда электр энергиясын керектөө мындан ары да азаят деп болжолдонууда.

Бир тараптан 20дан ашуун өзөктүк реактордо оңдоо иштери жүрүп жаткан өлкөдө, Орусиянын газды кыскартуусуна карабастан жаратылыш газынан электр энергиясын өндүрүү Ковид-19 пандемиясынан мурунку 2018-2019-жылдарга салыштырмалуу 38 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар