Швецияда террор менен күрөшүүгө карата конституциялык өзгөртүү 1 -  январдан тарта күчүнө кирди

Түзөтүү Швециянын Адилет министрлиги тарабынан "Конституцияга өзгөртүү терроризмге каршы күрөштө күчтүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт" деген темада бөлүшүлдү.

1927119
Швецияда террор менен күрөшүүгө карата конституциялык өзгөртүү 1 -  январдан тарта күчүнө кирди

 Швецияда террор менен күрөшүүгө карата конституциялык өзгөртүү 1 -  январдан тарта күчүнө кирди.

Түзөтүү Швециянын Адилет министрлиги тарабынан "Конституцияга өзгөртүү терроризмге каршы күрөштө күчтүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт" деген темада бөлүшүлдү.

Билдирүүдө : "Швеция жалгыз жана башка мамлекеттер менен бирге террор коркунучуна каршы катуу аракет кылууда. Терроризм террордон жабыркаган коомдор үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратып, эл аралык тынчтыкка да, коопсуздукка да улуттук коопсуздукка да коркунуч туудурууда. Терроризм  демократияга, адам укуктарын эркин пайдаланууга, экономикалык жана социалдык өнүгүүгө карата эң олуттуу коркунучтардын бири»,- деп айтылды.

Күчүнө кирген өзгөртүүнүн террор менен күрөшүүдө дагы күчтүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылганы баса белгиленип булар билдирилди : «Конституциялык өзгөртүү террордук кыймылдарды кылган же колдогон топтордун биригүү эркиндигин мыйзам чегинде көбүрөөк чектөө мүмкүнчүлүктөрдү берет деген маанини билдирет. Бул түзөтүү мыйзам чыгаруучуларга, мисалы, террордук уюмга кошулууну кылмыш элементи абалына алып келүүнү жана террордук уюмдарга тыюу салууга мүмкүндүк берүүдө».

Бул билдирүү Швециянын Анкара элчилигинин социалдык медиа эсебинен да бөлүшүлдү.

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем 23 - декабрдагы билдирүүсүндө конституциялык өзгөртүүнүн 2023 - жылдын 1 - январында күчүнө кирээрин, 7 - мартта парламентке Кылмыш кодексин сунуштаарын жана Швециянын кылмыш мыйзамында жаңы кылмыш беренесинин түзүлөөрүн айткан.

Биллстрем террордук иш - аракеттерди жайылтуу жана пропагандалоо ишин жүргүзүү, желектерин Швецияда алып жүрүүгө кылмыш катары караларын жана мыйзамдын 2023 - жылдын 1 - июнунан тарта жеринде ишке ашырыла турганын да билдирген.



Тектеш кабарлар