Бразилия менен Колумбиянын президенттери Амазонка токойлорунун келечегин талкуулашты

Густаво Петро борбор шаар Бразилияда жаңы президент Силва менен жолугушту.

1927009
Бразилия менен Колумбиянын президенттери Амазонка токойлорунун келечегин талкуулашты

Колумбиянын президенти Густаво Петро Бразилиянын жаңы президенти Луис Инасио Лула да Силва менен Амазонка токойлорунун келечеги тууралуу сүйлөштү.

Силванын ант берүү аземинен кийин борбор шаар Бразилияда жаңы президент менен жолугушкан Петро, кесиптеши менен «Амазонка жана таза энергия» темасын талкуулады.

Колумбиянын Президенттигинин интернет сайтында жарыяланган билдирүүдө, эки лидердин эки өлкөнүн карым-катнаштарынан тышкары Амазонкадагы токойлордун кыйылышына каршы көрүлө турган чараларды сүйлөшкөндөрү белгиленди.

Силва менен өткөргөн жолугушуунун фотосүрөтүн Твиттер баракчасынан бөлүшкөн Петро: «Амазонка токойлорун адамзаттын пайдасына сактап калуу үчүн чоң макулдашуу»,-деп баа берди.

Силва менен Америкадагы таза энергия булактарынын дагы конструктивдүү колдонулушу темасында пикир алмашкандарын белгилеген Петро, Бразилиянын Колумбиядагы тынчтыктын да кепили экенин айтты.

Бразилияда 31-октябрдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетишкен солчул экс-президент Силва 1-январда парламентте ант берген болчу.



Тектеш кабарлар