АКШда жаңы жыл майрамындагы куралдуу кол салуулар

Америка Кошмо Штататтарынын Флорида жана Алабама штаттарында жаңы жылга кирип жатканда болгон куралдуу кол салууларда 3 киши каза болуп, 13 киши жаракат алды.

1927089
АКШда жаңы жыл майрамындагы куралдуу кол салуулар

Америка Кошмо Штататтарынын Флорида жана Алабама штаттарында жаңы жылга кирип жатканда болгон куралдуу кол салууларда 3 киши каза болуп, 13 киши жаракат алды.

Флоридада Окала полиция департаменти Твиттердеги билдирүүсүндө жекшемби күнү таңга маал болгон куралдуу кол салууда 2 кишинин каза болгонун жана 4 кишинин жараланганын билдирди. Билдирүүдө жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:30 чамасында болжол менен 100 киши чогулган аймактан ок атуулар угулуп, Давонта Харрис менен Абдул Хаким Ван Кроски аттуу эки кишинин окуя болгон жерде каза болгондугу маалымдалган.

Флоридадагы окуядан бир нече саат мурун, Алабама штатында куралдуу кол салуу болуп, бир адам каза болуп, айрымдары оор болгон 9 адам жараланган.

Жергиликтүү полиция жаңы жыл майрамы өтүп жаткан Дофин көчөсүнөн бир нече квартал алыстыкта ​​болгон атышуудан 24 жаштагы өспүрүм каза болгонун билдирди.

Полиция ким экендиги белгисиз киши тарабынан жасалган куралдуу кол салуунун себеби азырынча белгисиз экенин, окуяга тиешеси бар деп шектелген кишинин камакта экенин белгиледи. Куралдуу кол салууда ок тийген жаралуулар жергиликтүү ооруканаларда дарыланууда. 

 

 



Тектеш кабарлар