АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен машыгууларды пландап жатабы?

Байден журналисттерге билдирүүсүндө, "Эки өлкө биргелешкен өзөктүк машыгууларды сүйлөшүп жатабы" деген суроого "Жок" деп жооп берди.

1927098
АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен машыгууларды пландап жатабы?

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден, Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын өзөктүк коркунучтарына каршы биргелешкен машыгууларды уюштуруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөндөрүн кабарлады.

Байдендин билдирүүлөрү, Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёлдун "Түндүк Кореянын өзөктүк коркунучтарына каршы чогуу план түзүү жана биргелешкен машыгууларды өткөрүү үчүн АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз" деген сөзүнөн кийин айтылды.  

Байден журналисттерге билдирүүсүндө, "Эки өлкө биргелешкен өзөктүк машыгууларды сүйлөшүп жатабы" деген суроого "Жок" деп жооп берди.

Юн өлкөсүнүн "Chosun Ilbo" гезитине берген маегинде: «Эффективдүү кеңейтилген тоскоолдук стратегиясы үчүн Америка Кошмо Штаттары менен биргелешкен пландоо жана өзөктүк кубаттуулук жагынан биргелешкен машыгуулар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Америка Кошмо Штаттары да буга абдан оң көз карашта» деген эле.

Түндүк Корея 2022-жылы мурдагы жылдарга караганда көбүрөөк ракета учуруп, Корей жарым аралында жана Чыгыш Азияда чыңалууну күчөттү.

Жалпысынан 90дон ашык ракетасын сынаган Пхеньян администрациясы, 2022-жылдын ноябрь айында бир күндө 23 ракета учурган.

Пхеньян 2023-жылдын алгачкы сааттарында да баллистикалык ракета сыноосун өткөргөн.



Тектеш кабарлар