Иранда абанын булганышынан мектептер жабылды

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин маалыматына караганда, абанын булганышына каршы чукул жардам тобу кечээ борбор шаар Тегеранда жыйын өткөрдү.

1925955
Иранда абанын булганышынан мектептер жабылды

Иранда абанын булганышынан улам айрым провинцияларда мектептер жабылып, сабактардын ​​аралыктан өткөрүлө турганы билдирилди.

Ирандын Тегеран, Эльборз, Казвин жана Чахармахал - Бахтияри провинцияларында булганган абанын деңгээли жогору болгондуктан ишемби күнү мектептерде бетме - бет билим берүүнүн токтотулганы жарыяланды.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин маалыматына караганда, абанын булганышына каршы чукул жардам тобу кечээ борбор шаар Тегеранда жыйын өткөрдү.

Жыйындан кийин абанын булганышынан улам Тегеран провинциясынын Пердис, Демавенд жана Фирузкох тышында бардык шаарлардагы бала бакча, башталгыч, орто мектептердин эс алууга чыгып, билим берүүнүн аралыктан жүргүзүлүшүнө чечим чыгарылгандыгы белгиленди.

Маалыматта өзгөчө жогорку класстар үчүн сынактардын программа боюнча өткөрүлөрү, өзгөрүүнүн болбогондугу билдирилди.

Өлкөдө абанын эң көп булганган Эльборз провинциясынын губернаторлугунун билдирүүсүндө мектептердин эртеден кечке жабылганы, сабактардын аралыктан жүргүзүлөрү, жогорку класстын окуучуларынын сынактары улана турганы айтылды.

Казвин жана Чахармахал-Бахтияри провинцияларынын айрым шаарларында жана борбордук штаттын административдик шаары Эракта да мектептер жабылып, сабактардын аралыктан улантыла турганы айтылды.



Тектеш кабарлар