ДССУ кытайлык жетекчилер менен  Ковид  - 19  боюнча абалды талкуулады

ДССУ жетекчилери Кытайдан акыркы абалдар тууралуу дагы көп маалыматтын берилишин суранышты.

1926013
ДССУ кытайлык жетекчилер менен  Ковид  - 19  боюнча абалды талкуулады

Кытайда коронавирус  Ковид  - 19  боюнча күнүмдүк бейтап саны ылдамдык менен көбөйгөн учурда Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ДССУ абал тууралуу жогорку деңгээлдеги жыйында кытайлык жетекчилер менен бул теманы талкуулашкандарын билдирди.

ДССУ жетекчилери Кытайдан акыркы абалдар тууралуу дагы көп маалыматтын берилишин суранышты. Бейтаптар тууралуу маалыматтардын кайрадан, үзгүлтүксүз жана реалдуу убакыт режиминде берүүнү талап кылышты.

Пекиндин  эл аралык саякатка чектөөлөрдү токтото тургандыгын билдирүүсү өлкөлөрдү чара көрүүгө түрттү.

Өлкө өкмөттөрү чек араларында бири биринин артынан  чараларды көрө башташты.

Италия Кытайдан келген бардык жүргүнчүлөрдү милдеттүү түрдө тесттен өткөрүүдө.

Испания Кытайдан келген жүргүнчүлөрдөн негатив тест жыйынтыгын көрсөтүүнү  же эмдөөдөн өтүүнү талап кылуу чнчимин чыгарды.

Франция да Кытайдан келген жүргүнчүлөрдүн беткап колдонуусун мажбур абалга алып келди. Жүргүнчүлөрдөн акыркы 2 күндүн ичинде алынган негатив  тесттин жыйынтыгын көрсөтүүнү да талап кылышууда. 

Британия да  Кытайдан келген жүргүнчүлөрдөн акыркы 2 күндө алынган коронавирус тесттин  жыйынтыгы сурала турганын жарыялады.

 

 

 



Тектеш кабарлар