"Бул Рождестводо көз жаштын даамы жана кандын түсү бар"

Украинанын Башкы штабынын төрагасы Валерий Залужный элге кайрылып, куттуктады

1925949
"Бул Рождестводо көз жаштын даамы жана кандын түсү бар"

Украинанын Башкы штабынын төрагасы Валерий Залужный 24 - февралдан бери Россияга каршы жүрүп жаткан согушта жеңишке жетишүү үчүн жетиштүү күчкө ээ экендерин билдирди.

Залужный кечээ кечки сааттарда  бөлүшкөн видео билдирүүсү  менен элге кайрылып,  куттуктады.

Өлкөсүндө согуштун уланып жатканын белгилеген Залужний, согуштун айынан элдин оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканын белгилеп : "Бул Рождестводо көз жаштын даамы жана кандын түсү бар",- деди.

Валерий Залужный Россиянын  өлкөсүнө согуш ачканын айтып : "Согушту биз тандаган жокпуз. Бирок күрөшүүнү кабыл алдык.  Кудай биз тарапта. Бирок  душманды жеңүүгө жетерлик күчүбүз бар. Бир улут күрөштөн жаралат",- деди.



Тектеш кабарлар