Нетаньяху өкмөтү ишеним добушун алды

Нетаньяхунун толугу менен оңчул партиялардан турган кабинети 5и аял 30 министрден турат.

1925639
Нетаньяху өкмөтү ишеним добушун алды

Израилде Биньямин Нетаньяху жетектеген жаңы коалициялык өкмөт парламентте өткөрүлгөн жыйында ишеним добушун алды.

Израиль парламенти, Ликуд партиясынын лидери Нетаньяху жетектеген Израилдин 37-өкмөтү үчүн ишеним добушун берүү отурумун өткөрдү.

Отурумдагы добуш берүүдө Нетаньяхунун 120 орундуу парламентке сунуштаган коалициялык өкмөтү, депутаттардын 63үнүн ишеним добушун алды. Отурумда 54 депутат каршы добуш берди.

Ушундача Израилде эң көп убакыт премьер-министрлик кызматты аркалаган Нетаньяху, саясий карьерасында 6-ирет премьерлик орундугуна отурду.

Ликуд партиясынын депутаты Амир Охана да Парламенттин спикерлигине шайланды.

Нетаньяхунун толугу менен оңчул партиялардан турган кабинети 5и аял 30 министрден турат.

Акыркы жылдарда эрте шайлоо жана коалициялык кризистер болгон Израилде 1-ноябрда өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, мурдагы премьер-министр жана оппозиция лидери Нетаньяху баштаган оңчул блоктун партиялары 120 орундуу Парламентте 64  депутатты жиберип ачык жеңишке жетишкен.

Жаңы өкмөт Израилдин саясий тарыхындагы "эң оңчул" өкмөт болот деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар